Бишкек ШИИББи Эламан Жунусовдун ата-энесин, жакындарын издейт жана аларды табышууга жардам сурайт. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эламан Жунусов 1992-жылы туулган. Азыркы учурда борбордогу республикалык психикалык ооруканада жатат. Ал бул ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу алып келинген.
Эламандын айтымында, Жалал-Абад облусунда туулган жана Эски толчок районунда жашап жүргөн. Бирок ал жашаган жерин көрсөтө албайт. Ошондой эле жакындары тууралуу да маалымат билбейт. Мындан улам милиция шаар тургундарынан бул жаранды тааныгандар болсо байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0 554 102-199, 0 312 48 64 17 жана 102.