Конституциялык кеңешменин биринчи этабынын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев брифинг учурунда маалымдады.
Айтымында, кеңешме ишин үч апта мурда баштаган.
"Конституциялык кеңешменин биринчи этабында ар бир секциялар тиешелүү болгон бардык иштерди аткарып, өздөрүнүн сунуштарын беришти. Ал эми кеңешменин экинчи этабы кийинки аптада башталып, анда юристтерден, тилчилерден түзүлгөн атайын эксперттик топ тексттерди карап чыгышат. Андан кийин ар бир секция менен макулдашуу болуп, чогулушта добуш беребиз", - деди ал.