Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактарда айтылып жаткан Максат Токтомушевдин Кыргыз Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кызматынан алынышына өлкө жетекчилигинин тиешеси бар деген маалыматты төгүндөйт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Социалдык тармактарда белгисиз адам Садыр Жапаровдун ага өлкөнүн муфтийи кызматын убада кылгандыгын, ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурханов жана башка адамдар Максат ажы Токтомушевди муфтийликтен мыйзамсыз алышканын билдиришкени тууралуу аудио тараган. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт жана ал маалымат чагымчыл мүнөздө",- деп айтылат маалыматта.
Байтерек Садыр Жапаров мурдагы муфтий Рахматулла ажы менен буга чейин жолукпаганын жана сүйлөшпөгөнүн, ага эч нерсе убада кылбаганын кошумчалады.
Президенттин басма сөз катчысы айрым күчтөр коомдо дүрбөлөң чыгарып, чыңалууну жайылтууга кызыкдар экендигин белгилеп, мындай жалган жалаалардын демилгечилерин жоопкерчиликке чакырды.