Биз социалдык тармакта

Муфтияттагы чуу: Акин Токталиев Максат Токтомушевдин ордуна келчү жаңы муфтийдин резюмесин ким бергендигин билдирди

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Акин Токталиев SUPER.KG порталына экс-муфтий Максат Токтомушевдин ордуна келе турган жаңы муфтийдин резюмесин ким бергендигин билдирди.

“Президент резюмени көргөн эмесмин деп жатат. Арзыбек Бурханов бир резюмени Жапаровго бериптир, бирөөнү Максат Токтомушевди кетириш керек деп мага берген. Бирөөнү өзү алып алыптыр. Бурханов резюме бергенин танган жок. Ал эми президент “Мен резюме алган эмесмин, көргөн эмесмин. Кимге берилгенин билбеймин. Мага демектен муфтийди бөлөк планетадан алып келип коюп алгыла деп айтып жатат”,- деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Биринчи Май райондук соту Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Simels
2021-02-17 14:10:03
Ушакчы, бузуку, сөз ташыган жаман чал экен! Карыганда жөн карыбайсыңбы!
-7
Mirlan27011987
2021-02-17 14:12:13
Азыр заман ушундай, карга карганын көзүн чукубайт, молдо молдонун көзүн чукубайт. Акча, кызмат дегенде ыйманды дароо унутуп коюшат. Жогорку адеп-ахлаг жөнүндө айткан адамдар түпкүлүгүндө эки жүздүү болушат. Ошондуктан азыр ыйман үйрөткөндөр, өз кызыкчылыгына келгенде дароо 180 градүска бурулууга даяр турушат.
+4
Mister-XXX
2021-02-17 16:25:52
Mirlan27011987,Неме,иним динден тушунугун жок болгондон кийин,озун тушунгон ишке аралашчы.Доктур ооругандарды,шопур машина айдаганды,малчы мал караганды билсин.Менин билишимче бешиктен эми белин чыгыптыр.Сен экообуз кийлигишпей эле коелучу динди тушунбогондон кийин.
+3
Asyl.jazi
2021-02-17 22:44:51
Mirlan27011987,тенирчи тенирчинин козун чукубайт
0
baisogur
2021-02-17 14:33:51
Ушу чал куйгузду дурбутуп
-6
Nina.alex
2021-02-17 14:36:04
Ооба. Кочугу жер жыттабаган неме экен
Мен кызматка жпбышпайм деп атат элего. Котурдай жмбышыптырго. Садыр президент туура эле кылыптыр кетирип
-7
AdylbekB84
2021-02-17 14:39:02
Жапаров резюмени бербесе дагы Бурханов ушул болот деп алып келгендир, бул жаңы боло турган муфтий Баткендик окшойт, Бурханов дагы Баткенден демек жердешчилик роль ойногон жокпу экен деги.
+14
Gulizaa
2021-02-17 17:28:09
AdylbekB84,Баткендикпи башка жактыкпы главный таза ,жакшы иштесе болду да !
+2
Merch
2021-02-17 14:45:43
Бул аксакалда эмне күнөө? Журналисттер чалып сурап атышса жооп берип жатат да. Болгонун болгондой эле. Президент дагы билбеши мүмкүн, жанагы Бурханов деген таасир этип койду көрүнөт.
+11
Alia82
2021-02-17 17:14:03
Жапаров ушундайында Бурханов дегенинен кутулбаса озуноле минус болот, тегерегине таза адамдарды чогултпаса кашыктап чогулткан кадыры чомучтоп чачылат
+2
sabirdinovich
2021-02-17 21:46:07
Садыр да муфтийликтин акчасына кызыгып калган го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан