SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жер семирткичтердин кымбаттап кеткендигин айтып окурман кайрылды.
"Өзгөндө азот минералдык жер семирткичтери арзандайбы? Айыл чарба министрлиги эртерээк жер семирткичтерди арзаныраак кылып сүйлөшүп, алып келип беришсе жакшы болмок.
Азыркы жаңы бийлик дыйкандарды ойлобойт окшойт. Азыр эле азот 23 сом, мочевина фосфаты 25 сом, мофос 35 сом болуптур.
Ушунчалык кымбат. Былтыр ушул маалда 18, 16 сомдон эле алчубуз", - деди окурман.