Биз социалдык тармакта

"Газ менен жүрөт". Бишкекке Өзбекстандан алып келине турган автобустардын сүрөттөрү

Бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Кол коюлган меморандумга ылайык, Бишкекке коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин 350 газ менен жүрүүчү экологиялык автобустары алып келинмей болду.

Мындан улам "Автобустар кандай сүйлөшүүлөрдүн негизинде келет?" деген суроо менен мэриянын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Ункуевге байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Жеке компаниялар менен меморандумдун негизинде иштешебиз. Бул компания автобусту Өзбекстандан өз каражатына алып келет. Ал эми биз компаниянын автобустарына каттамдарды чийип беребиз. Алар ошол көргөзүлгөн каттамдын негизинде автобустарды жүргүзүшөт. Автобустардын ичине "Тулпар" электрондук картасы коюлат. Учурда маршруттук каттамдар аз каттап жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарын коомдук транспорт менен тейлей албай калуудабыз. Келе турган автобустарда бардык шарттар каралган", - деди Ункуев.

Мындан тышкары Эмил Ункуев аталган компания шаарга биринчи жолу автобустарды алып келе тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Omyke
2021-05-11 16:24:15
Маршрутканын ордуна жакшы экен
+4
Bekturbek
2021-05-11 16:25:45
Газ жарылган болсо, жаман жарылатко.
+3
Rifle_I
2021-05-11 18:12:07
Bekturbek,бензин дагы андан калбайт жарылса. Ошол себептен техникалык коопсуздук сакталыш керек бардык жерде.
0
Shabi
2021-05-11 16:45:55
Жакшыкен бирок,350автобус берип,даагы 350гектар жерибизди алып койбосо экен
+6
Elaman0693
2021-05-11 16:50:56
Shabi, сен бир жолу болсода жакшы пикир калтырчы... Короалбастык, ичитардык, озундон башканы жинди корбо!!
-2
Shabi
2021-05-11 17:36:13
Elaman0693,Мэн бироону коро албай жаткан жокмун,жакшыны жакшы деп жатам.сендей болуп бийликтин фанаты болуп только жакшы жагын эле коруп,жаман жагын корбой жаткан жокмун.мен сендей болгон садырдын фанаты эмесмин бирок жакшы иш кылса аны дагы айталам.жакшы иштерди садыр сен экоон учун эле жазаган жок жазасы кыргыз эли учун жазап жатат,ошол нерсени жазайм деп келген и жазаш керек.ошондуктан сен дагы Бир жактуу жалама болбой,садырдын жакшы жагын да кемчилигин да айтканды билип жур
+2
bekalife
2021-05-11 19:45:09
Shabi,Садырды ар нерсеге байланыштыра бербечи. Саясаттан. Мамлекеттик башкаруудан. Системадан тушунугун воопще жок турбайбы
-1
Shabi
2021-05-11 20:19:57
Сен азыр президенттик башкаруудагы мамлекетте жашап жатасын,баардык жоопуерчилик президентте.тем болье озбекстандан жардам алууда дагы президенттин жоопкерчилиги.мындай учурда садырды кошпогондо анан сен аралаштырып жазайынбы.акылдуу тушунуктуу киши боло бербечи
+1
tihonkg
2021-05-12 08:08:10
Elaman0693,башынды иштетип окуп жаакшылап тушунсон эмне деп жазылып турганын, башына хуйум
-1
Apyn8793
2021-05-11 20:21:39
Урушпагыла. 350 автобусу менен озбектердин жаны частный компаниясы кирип жатат олкого бизнес кылганы. Жол акы толойсунор го ошонун канча проценти олкого калып калганын ошолор алат. Биздин олигархтар деле ушинтсе болмок да, акчаларын басып жата бербей
+3
Yahoo
2021-05-11 20:49:14
Бишкек миллиондук шаар, анан дагы метросу болбосо чон коломдогу автбустар керекда.Ал эми шаар четинде жашаган тургундарда шаарга чейин ушундай маршруткалар менен ташыса жакшы болот.Бизге деле приятно коз жугурткон кооз автобустар шаарыбызда журсо.Бул пазике окшогондор деле жакшы региондорго болуштуруп берели.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан