Өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканыбызда белгилүү болду.
"Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы беш күндүн ичинде келет" деди министр.
Маалымат үчүн:
Буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасын алуу пландалганын жана аталган вакцинанын эч кандай кыйыр таасирлери байкалбаганын айткан.
Кытайдын Sinopharm вакцинасын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттоого алган.