Кыргыз өлкөсүндө коронавируска кабылган дарыгерлердин саны 34кө жетти. Тагыраагы, 9-апрель саат 10:00гө карата дагы 2 медицина кызматкеринен вирус аныкталды. Алардын бири Ош шаарында, экинчиси Аксы районунда катталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.
Кечээ, 8-апрелге карата 32 медицина кызматкерлери вируска кабылганы белгилүү болгон.