Москвадагы мушташка катышкан 26 Кыргыз жараны өлкөгө депортация болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жарандар Домодедово аэропортунан Ош жана Бишкек каттамдарына салынган. Ошондой эле алар 40 жыл Орусиянын аймагына кире алышпайт.
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.
Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.
Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Ошондой эле Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкандарга айып салынып, өлкөдөн чыгарыларын орусиялык басылмалар жазышууда.