Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында энергия багы орнотулду

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы "Ынтымак 2" сейил багынын түндүк-батыш бөлүгүндөгү фонтандын ичинде жаркырап турган энергия багын орнотту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, металл композициясынын мүнөздүү өзгөчөлүгү анын мөмөлөрү үнөмдөөчү чырактар болуп эсептелинет, жалбырактары ар түстүү боёктор менен сырдалган, бийиктиги болжол менен 5 метрди түзөт.

"Урматтуу шаардыктар, шаарга, муниципалдык менчикке, ошондой эле шаардык кызматтардын кызматкерлеринин ишине кам көрүүнү суранабыз. Сураныч, чырактарды сындырбаңыздар", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан