Биз социалдык тармакта

Баткендеги чек ара чырында каза болгон 36 адамдын жакындарына үйлөр тапшырылды (сүрөт)

Бүгүн, 16-сентябрда 28-30-апрелдеги чек арада орун алган каргашалуу окуяда каза болгон 36 адамдын үй-бүлөлөрү үчүн курулган жаңы үйлөр тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жана президенттин коомдук иштери боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова жана каргашалуу окуяда каза болгон 36 эр-азаматтын жакындары катышты.

"Алгач куран окулуп, андан соң облус башчысы шейит кеткендердин жакындарына президент Садыр Жапаровдун атынан жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтуу менен сабырдуулук каалады.

"Алардын мекен үчүн жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Бул үйлөрдө мамлекет үчүн күйгөн, өз элин сүйгөн жана мекенди көздүн карегиндей сактаган, уул-кыздарыбыз тарбиялансын", - деп баса белгиледи Алимбаев.

Үйлөрдү тапшыруу аземинде катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жана президенттин коомдук иштери боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова шейит кеткен эр-азаматтардын жакындарына көңүл айтып, өлкөдө тынчтык болуусун тилек кылышты.

Үй үч бөлмөлүү жана ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары бар", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asmat84
2021-09-16 17:23:34
Ушул үйлөрдү салып берген бир туугандар жеке ишкер ихлас компаниянын жетекчиси Осмоновдордун деле атын атап койбойсуңарбы
+3
Ryskulova
2021-09-16 17:37:23
Asmat84,кимдер жардам кылышт,кимдер салым кошту ушулар аталат да. А был компания уйлорду салды акысын Аллы балким ошон учун аталбады. Аты аталса да бироолор чыгат, биз минткенбиз тигинтенбиз деп
+4
nazira...
2021-09-16 17:38:10
Asmat84,бир эле ихлас эмес башкасы да салышты да.
+2
Ryskulova
2021-09-16 17:38:14
Уйлор ак жолтой уйлордон болсун, жалан жакшылыктар Гана болсун
+4
Antiradikal3
2021-09-16 18:24:54
Эмнеге мурунку уйлорун ондоп бербейт? Булар киндик каны тамып туулуп оскон уйлорун таштап, 4 сотых жерде бирине экинчиси жармашкан уйлордо кантип жашашат? Булардын жашоосу дыйканчылык, мал чарбасы менен болсо.....

Же уйунун бир болмосун сарай кылып уй байлап, экинчи комнатасына эгин жыйабы не?!

Болбосо шаардан эле этаждан квартира алып бербепсинер мынча болду.......
+4
Aimani
2021-09-16 21:28:41
Antiradikal3,туулганына да нааразы адам экенсин.мурунку уйлорун эч Ким тартып алган жок болсо керек.мындай Уй салганга деле канча чыгым кетет эле ,кышка калтырбай киргизип коюшту.шарттары бар экен.шугур дегенди уйронушубуз керек.
-1
Antiradikal3
2021-09-17 00:52:17
Aimani, сен да арсыз бир даканса коруносун. Мындай уй кимге керек? Мына Озгондун Ана-Кызылына жер кочкудо уй-жайынан ажыраган кайсы бир айылдыктарга ушундай уйлорду салып берген Окмот. Мектептен бери. Бирок ал уйлордо адам жашайбы жокпу белгисиз. Уйлор почти бир-бирине жаьышып турат. Огород почти жок. Мал сарай жок. Мал менен тирилик кылган эл ал уйдо кантип жашайт, уй эмес, ат байлаарга мамы болбосо. Конгон айылына башынан уй, сарай салып жашайт да ошол жакта малын багып...
+2
nazira...
2021-09-16 18:49:59
Канализацияга туташтырылдыбы бул үйлөр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан