Биз социалдык тармакта

Равшан Жээнбеков депутаттык шайлоого катышуу үчүн документтерин БШК кабыл албай жаткандыгын айтат

Кой-Таш иши боюнча айыпталып жаткан экс-депутат Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого катышуу ниетинде. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын документтерин кабыл албай жатат. Бул тууралуу Жээнбеков сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Шайлоого катышууга Борбордук шайлоо комиссиясы документтеримди кабыл албай жатат. Менин шайлоого катышууга конституциялык укугум бар. Анткени соттун чечими чыга элек. Азыр дагы кошумча документтерди даярдап жатабыз. Мыйзамдын бардык эрежелерин сактап, официалдуу түрдө дагы беребиз", - деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, 5-августта саясатчынын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан