Сиам эгиздери Гита менен Зитанын атасы каза болгону кабарланды

Кыргыз өлкөсүндө туулган сиам эгиздер Гита жана Зитанын атасы Рашид Резаханов каза болгону кабарланды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы кызматкери Елена Баялинова жазып чыкты.

"Ал кыздары Зита менен Гитанын өмүрү жана ден соолугу үчүн күрөштө үй-бүлөгө жана Зумрият Резахановага бекем таяныч болгон. Анын кубаттуу колдору ар дайым туугандарынын жана досторунун ийиндеринде калып, кымбат жана сүйүктүү адамдарын аяр кучактап турган. Өкүнүчтүү! Жаңы жылдын таңында кетти, эми аны кызы Зита бейиштин дарбазасынан тосуп алат. Жакшы адам эле!", - деп жазган ал.

Эске салсак, сиам эгиздери Гита жана Зита Резахановалар Жаңы-Жол айылында 1991-жылы туулган. 2000-жылдардын башында эгиздерди орусиялык хирургдар ажыратып, Зита жана Гита өз алдынча жашап калышкан. 2015-жылы Зита оорудан улам каза болгон. Кыздардын апасы Зумрият Резаханова кыздарынын кыялын ишке ашырып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөткөн борбор ачкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2022-01-22 21:13:25
Булардын улуту не?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан