Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тажик тарап саат 06:00 чамасында Баткендеги Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Базар жана Орто-Боз аймактарын аткылаган.
06:30да Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномёт менен ата баштаган. Саат 07:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.
“УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууда, ошондой эле абалды турукташтырууга жана жаңжалдын чыгып кетүүсүн алдын алууга бардык күчүн жумшайт”, - деп айтылат маалыматта.