Тажик аскерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектептин имаратын басып алышты

Баткен районунун Достук айылындагы мектептин имаратын тажик аскер кызматкерлери басып алышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Саат 14:00гө карата Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп жатканын билдирди.

Тажикстандын аскер кызматкерлери өзүнүн карапайым калкын "тирүү" калкан катары пайдаланып, тажик тарап карапайым калк арасында чоң жоготууга учурап жатат. УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда, кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда.

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Маалыматка ылайык, тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларды бузуп саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган.

Тажикстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы абалды турукташтырууга жана жаңжалды ырбатпоого бардык күчүн жумшоодо.

Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлгөн, бирок тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 8:30дан баштап ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да жана 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.

Тажик аскерлери Достук айылындагы мектептин имаратын басып алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emirchik
2022-09-16 16:02:00
Мектепти эмес Достук Айылын толук басып алды деп так жазгыла Айылдын ортосунда турган бир мектепти кантип басып алсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан