Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстандын эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан тараптан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалай турганын билдирет.
Анда тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында, Кыргызстандын 46 жараны каза таап, 140 жараны жарадар болгону айтылат. Мындан тышкары 140 миңге жакын адам эвакуацияланууга мажбур болгону, ошону менен бирге эбегейсиз зор материалдык зыян келтирилгени белгиленет.
"Биз тажик тараптын “Тажикстанга куралдуу агрессия жасалды” деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргызстандын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Тажикстандын ТИМинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматтары чындыкка дал келбестигин, кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагында жасаган бардык кылмыштарын, аскердик агрессиясын далилдеген бардык (фото жана видео) материалдар бар экендигин кошумчалап, керектүү жерде далил катары көрсөтүүгө даяр экенин айткан.
Мындан сырткары Тажикстан БУУнун уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузганы айтылат.
"Кыргызстан аймактын бүтүндүгүнө жана эгемендигине жүзүкаралык менен кол салган тажик тараптан айырмаланып, бирөөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, жалаң гана коргонуу позициясын карманды. Бул айтылгандар Тажикстандын Кыргызстанга аймактык дооматтарынын бар экенин дагы бир жолу тастыктайт. Кыргызстан тажик тараптан Кыргызстандын аймагына кол салуу боюнча аткарылгыс пландардан жана чек ара аймагындагы кырдаалды курчутууну көздөгөн максаттардан баш тартууну талап кылат", - дейт Тышкы иштер министрлиги.
Андан сырткары тажик тарап ок атууну токтотуу келишимине карабай, Кыргызстандын Баткен облусундагы бир катар социалдык, жарандык объекттерди талкалаганы, 7 айылды басып алганы мыйзамга каршы жана коңшучулукка да жатпай турганын билдирген. Тажик тарап бул баскынчылык аракеттерине аскерлеринен сырткары атайын даярдыктагы согушкерлерди да тартканын кошумчалаган.
"Тажик тараптын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары тажик тарап баштаган жаңжал карапайым калктын, аскер кызматкерлердин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана мүлкүнө олуттуу зыян алып келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар жана сүйлөшүү аркылуу чечүү зарылчылыгын дагы бир жолу ырастайт", - деп жыйынтыкталат ТИМдин билдирүүсү.