Кыргыз эстрадасынын таланттуу жылдыздарынын бири, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонай менен продюсери Эрнест Үмөталиев жакында үйлөнүшөт.
Эрнест үйлөнүү тууралуу сунушту кечээ, 26-декабрда ырчынын жеке концертинен кийин, Бишкектеги түнкү клубдардын биринде киргизди. Ал "Мен чоң кадам таштап жатат окшойм. Чолпонай менен 12 жылдан бери сүйлөшөм. 2 жыл кыз-жигит катары чогуубуз. Мен бул кызды сүйөм. Сен үчүн жасаган нерселер сенсиз колумдан келмек эмес" деп колуна шакек такты. Ошондой эле ушул убакка чейин Чолпонайдын колун сурай албай келгенине таңданганын жашырган жок.
Белгилей кетсек, Эрнест Үмөталиев - "Ак шоола" театралдык балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова менен КРнын Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин уулу. Эрнест элге алгач "Ак шоола" балдар хорунда тарбияланган окуучулардан түзүлгөн "Кылым" тобунун ырчысы жана жетекчиси катары таанылган. Бул топто Чолпонайдын да ырдаганын айта кетели.
Көп кырдуу бул жигит учурда "Ekarecords" студиясын жетектеп келет. Анын "До+Фа" тасмасына продюсерлик, "До+Фа-2ге" режиссёрлук кылганын да айта кетпесек болбос.