Бүгүн, 30-апрелде Бишкекте Орозбеков, Панфилов, Фрунзе, Абдумомунов көчөлөрү менен чектешкен Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанында сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган гүлбакчанын жана анын айкелинин ачылыш аземи өттү. Айкелдин автору - скульптор Тайыр Медеров. Анын айтымында, айкелге Таттыбүбү Турсунбаеванын “Ак Мөөр”, “Кызыл алма”, “Уркуя” фильмдеринде жараткан образдары жуурулушуп түшүрүлгөн. Узундугу 5 метр болгон эстелик кызыл колодон жасалып, 7 миллион сом каражат сарпталган.
Аземге актрисанын жакын туугандары, уул-кызы, неберелери, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаттары, акын-жазуучулар катышты. Келген коноктор актриса тууралуу жылуу сөздөрдү айтып эскерип, ага багыштап куран окушту.
Таттыбүбү Турсунбаеванын агасы Нуркан Турсунбаев: “Бүгүн, азыркы саатта Таттыкем өз бооруна ак куу болуп конду десем жаңылышпайм. Дал ушул жерде ал ролдорун жаттап, даярданып, анан театрга кирер эле. Өзүнүн өсүп-өнгөн театрынын алдына түбөлүк жаштык, кайталангыс улуу талант, адамгерчиликтин символу катары бул эстелик түбөлүккө белек болуп калды. Анын көзү өтсө да, артында эки туягы, уулу Канат жана кызы Аселдин бар экенине каниет кыламын”,- деп карындашын эскерип, көзүнө жаш алды.
Ал эми актрисанын кызы Асел Эшимбекова: “Апам аял катары жумшак, адамгерчиликтүү, ушак дегенди билбеген улуу инсан эле. Мен ушул күнгө чейин апамдай сулуу аялды көрө элекмин. Жадакалса апамдын кызы болуп туруп ага окшобойм. Мен ойлойм, мындай сулуу айымдар 100 жылда бир төрөлөт болуш керек",- деп апасына таазим кылды.
Актрисанын бир тууганы, уул-кыздары менен катар маданият кызматкерлери, ЖКнын депутаттары сөз алып, Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу жылуу пикирлерин айтышты.