Түркиядагы президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетти

Түркиядагы президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган жеңишке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-августта Түркияда президенттик шайлоо өткөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 52 пайызы Режеп Тайип Эрдоганга добуш беришкен. Ал эми президенттикке дагы бир талапкер Экмелиддин Ихсаноглу 38,5 пайыз, Селахиттин Демирташан 9,7 пайыз добушка ээ болгон.

Президенттикке талапкер Режеп Тайип Эрдоган керектүү добушту ала алгандыктан, биринчи айлампада эле жеңүүчү аталды. Эми ал Түркиянын 12-президенти болуп калат. Буга чейин ал өкмөт башчылык кызматты аркалап келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан