Данияр Тербишалиев "партиялык тизменин алдынкы сабына туруш үчүн 50 миң доллардан 1 миллион долларга чейин берүүнү токтотуш керек" дейт

"Кыргызстанда талапкердин 50 миң доллардан 1 миллион долларга чейин төлөп партиялык тизменин алдынкы ондугуна кирүү процессин токтотушубуз керек". Муну 22-сентябрда парламент депутаты Данияр Тербишалиев партиялык тизме аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартибин өзгөртө турган мыйзам долбоору талкууланган коомдук угууда айтты. Депутаттын билдиришинче, учурда партиялык тизмени түзүүдө калыстык болбой жатат. "Тизмени түзүү жабык форматта өтөт, талапкерлер канчанчы тизмеге тургусу келгенине жараша акча төлөйт. Муну менен партиялык системди өнүктүрө албайбыз. Биз партиялык тизмени ачык түзүү сунушун киргизип жатабыз. Бул партиядагы коррупциянын алдын алат. Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар партиянын тизмесиндеги конкреттүү адам үчүн добуш беришет. Бул партиялык бюрократияны азайтат",- деди Тербишалиев. 
Айта кетсек, мыйзам долбоорунун негизги демилгечилеринин бири - депутат Өмүрбек Текебаев. Муну парламенттеги 40тай депутат колдоп, сунуштоодо. Кененирээк маалыматты бул жактан окусаңыз болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан