Балбан
Данияр Көбөнов кийинки Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Америкада машыгып жүрөт. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына бүгүн, 8-октябрда грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу
Канатбек Бегалиев билдирди.
Анын айтымында, Данияр Көбөнов учурда АКШда жашап, машыгып жүрөт. "2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу мелдештер 2015-жылы башталат. Данияр жыл башында келип, Кыргызстандын биринчилигине катышат да, курама командага кирет. Андан соң Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу Дүйнө чемпиондугуна аттанат",- деп билдирди К.Бегалиев.