2014-жылдын сентябрынан тарта доллар 52,95 сомдон 56 сомго чейин жогорулады

2014-жылдын сентябрынын башынан тарта доллар сомго карата 5,87 пайызга өсүп, 52,95 сомдон 56 сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда маалымат жыйынында КРнын Улуттук банкынын башчысынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.
Анын айтымында, мындай өзгөрүүгө тышкы факторлордун таасири болууда. "Кыргызстандын соода тармагындагы өнөктөш өлкөлөрдүн жана Европанын экономикалык абалынын начарлашы, Орусияга коюлган санкциялар, Украинадагы абал доллардын курсунун өзгөрүүсүнө чоң таасир тийгизүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча пландары да буга себеп болууда",- деп түшүндүрдү ал.
Айта кетсек, буга чейин ушул жылдын башынан бери доллардын курсу 49,1894 сомдон 56,066 сомго чейин кымбаттаганы айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан