13-декабрда футбол боюнча Кыргызстан курамасы Кытайга каршы алгачкы жолдоштук беттешинде утулуп калды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Гуанчжоу шаарынан анча алыс эмес Шенчжоу шаарында орун алган беттеш 4:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы 17-декабрда Кытайга каршы дагы бир жолдоштук беттеш өткөрөт. Андан соң курама команда Кыргызстанга кайтып келет.