Бишкекте сойкукананы мыйзамсыз түрдө текшерүүгө алган топтун
5 мүчөсүнө карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу
бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек
шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,
28-декабрь күнү саат 21:30 чамасында милицияга кайрылуу түшкөн. Анда
белгисиз жаран Лермонтов жана Салиева көчөсүндө жайгашкан сойкуканада белгисиз
жарандар Кытайдын жарандарын ур-токмокко алганын айткан. Айтылган дарекке келген милиция кызматкерлери 30га жакын жаран аталган жайды
мыйзамсыз түрдө текшерүүгө алып, видеого тартканын аныкташкан. Алардын баары
милиция кызматкерлери тарабынан алынган. Ошондой эле иликтөө иштеринин натыйжасында аталган
сойкукананын сырткы жана ички бир эшиги сындырылганы аныкталган.
Бул окуянын
чоо-жайын аныктоо максатында иш боюнча Свердлов районунун милиция бөлүмүнө сойкуканада
жүргөн 22 кытайлык жаран алынып келген. Алардын ичинен 8 жарандын гана документи
болгон жана баары ал сойкуканада иштешет.
Ошондой эле милиция бөлүмүнө “Кыргыз чоролору” уюмунун 5 мүчөсү алынып келген. Сурак
учурунда алар мындай кадам менен укук коргоочуларга жардам көрсөтүүнү
көздөшкөнүн билдиришкен. “Кыргыз чоролору” уюмунун өкүлдөрүнүн берген
көрсөтмөлөрүнө ылайык, аларга жардам сурап 5 жаран кайрылып, “Таатандын”
жанында иш алып барып жаткан сойкуканада жаш кыргыз кыздар сойкулук менен
алектенип жатканын айтышкан.
2013-жылы да ушул дарек
боюнча жашыруун түрдө иштеп жаткан сойкукананын иши токтотулган болчу. Анын натыйжасында
ал жайды иштеткен 2 кытайлык жаран жана администратор соттолуп, дагы бир нече кытайлык жаран өз мекенине кетирилген. Учурда бул аймакты катуу
көзөмөлгө алып, ал жакта жашыруун түрдө иштеп жаткан сойкуканаларды аныктап, тиешелүү иштерди
жүргүзүү боюнча тапшырма берилген.
Эске салсак, 28-декабрда Бишкек шаарынын "Таатан" соода борборунун жанында жайгашкан сойкукананы өзүм билемдик менен коомдук уюмдун мүчөлөрү текшерүүгө алышкан.