РОНАЛДУ-МЕССИ-НОЙЕР. “Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин артыкчылыктары жана кемчиликтери

Криштиану Роналду... Лионель Месси... Мануэль Нойер... Булар ФИФАнын версиясы боюнча "Жылдын мыкты футболчусу" наамына талапкерлер. Жакында бул наамдын ээси аныкталып, “Алтын топ” менен сыйланат. Көптөр наамды акыркы 8 жылдан бери атаандашып келген Криштиану Роналду менен Лионель Мессинин бирөө алат дешет. Айрымдар Германиянын дарбазачысы Нойердин “Алтын топ” кармап турганын элестете албасын айтышса, "бул сыйлык Дүйнө чемпиондугун уткан команданын мүчөсүнө тийиши керек" деген пикирди кармангандар да арбын. Демек, Нойер алышы керекпи? Төмөндө талапкерлердин жыл ичиндеги ийгиликтерин, артыкчылык жана кемчиликтерин санайбыз. Ал эми “Алтын топту” ким алары тууралуу бүтүмдү ар бир окурман өзү чыгарар...

КРИШТИАНУ РОНАЛДУ

Артыкчылыктары: 2014-жыл Криштиану Роналдунун клубдук карьерасындагы эң мыкты жылдардан болду. Анын “Реалдын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утканы (Клуб 10-ирет утту!), Чемпиондор Лигасында, Испаниянын Лигасында бомбардир болгону бул ойду бекемдеп турат. Ал эле эмес, Чемпиондор Лигасынын тарыхында киргизилген голдордун саны боюнча Ронни атактуу Раулдун рекордун кайталай алды. Кыскасы, клубдун курамында Ронни ат көтөргүс эмгек кылды жана наамга татыктуу экенин далилдей алды.

Кемчиликтери: Эгер Португалия курамасынын эч кандай ийгилик жарата албаганы эске алынса, анда К.Роналду менен “Алтын топтун” жолу эки айрылыш болот. Чынында, Португалиянын Дүйнө чемпиондугуна жолдомону акыркылардан болуп алганы бир тең болсо, Дүйнө чемпиондугунда тайпадан чыга албаганы бир тең болду. “Алтын топ” жеке футболдук сыйлык болгону менен, мындай нерселер да сөзсүз эске алынат.

ЛИОНЕЛЬ МЕССИ

Артыкчылыктары: Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлегендиги жана жыл ичиндеги ийгиликтүү оюндары үчүн Месси 5-ирет "Дүйнөнүн мыктысы" аталууга татыктуу. Себеби буга чейин ал клубда гана мыкты ойноп, Аргентина курамасы менен ийгиликке жетпей келген. 2014-жылы ал 4 гол киргизүү менен кураманы Дүйнө чемпиондугунун финалына чейин алып чыкты. Ошондой эле УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тарыхында эң көп гол киргизген футболчу катары жаңы рекорд койду (74 гол).  

Кемчиликтери: Эсептей келгенде Месси ойногон “Барселона” 2014-жылдын эсебинен эч кандай ийгилик жарата алган жок. Месси бомбардир катары бир катар жарышта (мисалы, Чемпиондор Лигасында, Испаниянын Лигасында) Криштиану Роналдуга уттуруп жиберди.  

МАНУЭЛЬ НОЙЕР

Артыкчылыктары: Негизи, кандай жеңиш болбосун, гол киргизген чабуулчу менен натыйжалуу пас берген жарым коргоочу даңкталат да, көп голдордон куткарган дарбазачы экинчи планда калат. Дарбазачылардын эмгегинин адилеттүү баалана баштаганын быйыл бул тизмеге Нойердин киргенинен баамдаса болот. Ошондой эле бул үчтүк Дүйнө чемпиондугун уткан команданын оюнчусу жок болмок эмес. Нойер лидер катары өзүн көрсөтүп, кези келсе коргоочулар менен тең жарыша чуркап, укмуштуудай оюн көрсөттү. "Качанкыга чейин Роналду менен Мессиге бул сыйлык тапшырыла берет? Нойер деле “Алтын топту” алса ич оорумак эмес" деген пикирдегилерди ээрчигиң келет. 

Кемчиликтери: Дарбазачы катары “Алтын топ” алган мисал 1963-жылы катталып, СССРдин дарбазачысы Лев Яшин бул сыйлыкка татыган. Андан бери карай бул жеке сыйлык коргоочулар, жарым коргоочулар жана чабуулчулар арасында гана талашка түшүп келет. Демек, Нойердин сыйлыкты колго алуусуна анын дарбазачы экени бөгөт болушу мүмкүн.  

 

2015-жылдын 12-январында дүйнөдөгү эки мыкты чабуулчу менен жалгыз дарбазачынын атаандаштыгынын жыйынтыгын билебиз. Бул күнү добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында жылдын мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” байгеси ээсин табат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
F.C.Batken.
2015-01-06 22:47:03
Ошол эле учурда Мессинин палестинага барган сүрөтү жок.Мунун жалган экенин ушундан эле билсең болот
-1
paren
2015-01-06 22:53:34
Эрбол мессинин колунда тнировка кылат болсо керек нойел дел алса болгудай жакшы дарвазачы
+1
paren
2015-01-06 22:55:00
Раналду алат менин оюм
-1
Ky6a
2015-01-06 23:14:32
Роналду татыктуу быйылкы жылыда!)
-1
Ayperi94
2015-01-07 00:28:32
Криштиану Роналдунун артыкчылыктарры кобуроок экен . РОНАЛДУ татыктуу
+1
Daani
2015-01-07 06:58:03
бул жылда дейсинерда как будто дайыма алгандай дайыма мессиге алдырып колунан короз кантын алдырган баладай болуп отуруп калатго месси алат
-1
Daani
2015-01-07 07:01:16
4 ону алган 5 син да алат анткени ал лео месси
-2
uulay
2015-01-07 09:07:03
Лично мага баары бир. Баарына ийгилик каалайм
+2
Timon
2015-01-07 09:11:49
Ким алат 12-январда билинетда...не кереги бар талаш тартыштын...бирок кантип аныктайт болду экен?? Алар өзүлөрү эле чечип коёбу же элден добуш алынабы???
-1
admin_portal
2015-01-07 09:22:22
RENAT_kg_kg - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
-1
nursultan93
2015-01-07 10:10:12
нойер алыш керек
+1
Bogotik
2015-01-07 11:05:26
messi alat antkeni mykty fudbalis en jonokoi messi
-1
Diana92kg
2015-01-07 17:27:37
Месси алат ушул жылы да!
0
Ronaldo
2015-01-07 20:25:16
Роналду алыш керек,а Месси эмнени кыйратты,Мессиге эмне корку учун бермек беле
+1
dnais2802
2015-01-07 22:47:22
Учоонун бироосу алат коросунор
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан