Урмат Айталиев: “Курманжан датка” тасмасын интернетке каракчылык жолу менен жайылткандарды жоопко тартыш керек”

“Курманжан датка” тасмасын интернетке каракчылык жолу менен жайылткандарды жоопко тартыш керек”. Мындай пикирин бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында Мамлекеттик "Кыргызфильм" фондунун директору Урмат Айталиев билдирди.

“Тасма прокатка чыккандан тартып бардык аймактарда көрсөтүлгөн. Фильмди каракчылык жолу менен уурдаганга аракеттер жүргөн. 2014-жылдын ноябрь айында "пираттык" көчүрмөсүн жайылтууга аракет кылышкан. Ага карата Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда күнөөлүүлөр кармалып, бардык материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген. Бирок 3 күндөн кийин тасманын каракчылык көчүрмөсү автордун уруксатысыз чыгарылып кетти. Бул тасмадан чогулган каражаттар ушундай масштабдуу тасманын тартылышына жумшалат. Бирок ушундай кадамдар кыргыз киносунун өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатпайбы”,- деди Урмат Айталиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан