Бүгүн, 10-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Отурум башталарда сот жактоочу Чынара Жакупбекованын башка отурумга катышып жатканын жүйө кылып, отурумду калтыруу боюнча өтүнүчүн окуду. Тараптардын пикири айтылган соң мамлекеттик айыптоочулар ишти калтырууга негиз жок экенин айтты.
Сотко айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаевдин үч жактоочусу тең келген жок. Мындан улам сот жактоочулардын бул аракетин адвокаттык укугунан аша чапкандык деп баалап, отурумду түштөн кийин мамлекеттик жактоочунун катышуусуна улантуу боюнча чечим кабыл алды. Айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев соттун бул чечимине макул эместигин айтканы менен, сот аны эске алган жок.
Сот бүгүн, 10-августта түштөн кийин саат 14:00дө уланат.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.