Жогоку Сотто бүгүн саат 14:00дө Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралмак. Бирок Жогорку Сотту кайтарган аскерлер имаратка эч кимди киргизбей жатышат. Айыпталуучулардын тарапташтары, депутаттар жана ММК өкүлдөрү эшикте турушат.
14:25. Аскер кызматкерлери Жогорку Сотко саат 15:00гө чейин эч кимди киргизбөө боюнча тапшырма берилгенин айтышууда. Мындан улам сотко башка жумуштары менен келген жарандар да кире албай түшүнбөстүктөр жаралууда.
14:28. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов: "Сот процесси жүрүп жатышы мүмкүн. Эч себепсиз эле бизди киргизбей жатат", - деди.
14:29. Жогорку Соттун имаратынын алдына чогулган элдин алдына милиция кызматкерлери келе баштады.
14:52. Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Соттун эшигине отуруп алды. Ал соттун иш аракетине нааразылыгын билдирип жатат. Милиция кызматкерлери аны ордунан жылдырууга аракет кылды. Бирок натыйжа чыккан жок.
15:10. Соттук отурумга келген Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары "Боштондук!" деп кыйкырып жатышат.
15:10. Сот отуруму жашыруун өткөнүн жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди. Ал баш коргоо чарасы боюнча иш токтотулганын, бирок сот анын себептерин кийин кагаз жүзүндө бере турган болгонун кабарлады. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов тергөө абагында калтырылды.
15:24. Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова: "Сот жашыруун өттү. Жактоочулардан Чынара Жакупбекова гана кирди", - деп билдирди.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы соттук коллегия Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча жактоочулардын даттанууларынын негизинде козголгон көзөмөл өндүрүшүн кыскартканын, жактоочулардын даттануулары кароосуз калтырылганын билдирди.
Жогорку Сотто Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы каралды. 16.06.2017.