Текебаев менен Чотоновдун соту күбөлөр келбегендиктен 11-июлда уланмай болду

Бүгүн, 6-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 11-июлга жылдырылды.

Эртең мененки отурумда прокурорлор күбөлөрдү 14:00гө камсыздап бермек болушкан, бирок белгисиз себептер менен күбөлөр келишкен жок.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдү тандап чакырып жатканын билдирген болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
HAKER-KG
2017-07-06 17:01:38
А жаны жоктор кузго чейин жылат эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан