Текебаев менен Чотоновдун сотунда тергөөдө чогултулган материалдар иликтенүүдө

31-июлда Биринчи Май райондук сотунда түштөн кийин улантылган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда күбөлөрдүн тергөөдө берген көрсөтмөлөрү окулду.

Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун көрсөтмөсүн окуду. Абдырахманов "Ата Мекендин" лидеринин жумуш бөлмөсүнөн орус ишкерлерин көргөндүгүн, алар андан "убадаңды аткар же акчаны кайтар" деп Текебаев менен агрессивдүү маанайда сүйлөшүп отургандыгын айтып берген. Ошондой эле сот 1 миллион доллар тууралуу бирөөлөрдөн угуп, тергөөчүлөргө айтканын окуп берди.

Сот Айбек Эрнис уулу Леонид Маевскийдин Бишкекке келгенде, 2010-жылдын май айында "Хаят", 27-30-сентябрга чейин "Голден дракон" мейманканаларына жайгашканын айтты. Маевский көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 6-сентябрында "ВТБ-24" банкындагы өз эсебинен 300 миң доллар алганын билдирген. Бирок банктык документтерде накталай акчаны алганын күбөлөндүргөн кагаздары жок болуп чыкты. Буга байланыштуу, айыпталуучулардын жактоочулары банк системин түшүнгөн адисти чакыртуу өтүнүчүн айтышты. Сот "азыр түшүнүксүз болгон жагдайларды өзүңөргө белгилеп койгула, жарыш сөзгө келгенде айтасыңар" деп көрсөтмөлөрдү окууну улантты. Түштөн кийин улантылган отурумда да тергөөдө чогултулган 8 томдуу материалдар окулду. Соттук иш эртең, 1-августта саат 9:30да улантылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-31 18:28:49
Менимче акталса керек. Бүт баардык материалдар Текебаев тарап болуп турат. Шекшип атканым, балким бул бийликтин атайын кылып жаткан шоусу. Чындык үчүн күрөшкөн баатыр катары көрсөтүп, президенттикке түртөттүр..
+1
Begmat1992
2017-07-31 18:31:07
TIMON_BERKOWITZ,болушу мумкун
0
toktor89
2017-07-31 18:32:28
Мисалы мен да втб 24привиалдан счет ачкам полный докмент берилет. И даже историясын карасан да болот . Россиянын торт беш банкын билем. Мунун баарын уюштурганга Аллахтын каргышы болсун.
+5
KGstan1981
2017-07-31 20:49:14
Жапаровко боштондук!Текебаевке боштондук!Атамбаевке импичмент.КСДП жоюлсун.КТРК Атамбаевтен коз каранды болуп чыныгы элдик канал болсун.
+7
aza84
2017-08-01 01:51:46
Эмнеге Текебаевдин адвокатары оруп калды болгондо дагы бары подряд же аларда сатып кетиби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан