Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө жактоочу Искен Афиджанов жарыш сөзүн сүйлөдү.
"Айыпталуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго кылмыш ишин козгоодо Жаза процессуалдык кодекси боюнча мыйзамдар бузулган. Тергөөдө жабырлануучу катарында көрсөтмө берген Маевскийдин айткандары соттун жүрүшүндө далилденген жок. Маевский "13-майда "Хаят" мейманканасында Текебаев менен жолугуп, андан ары "Супарага" барып 2 сааттай арак ичкенбиз" деп сотто айтып жатат. Тергөөдө болсо "Супарага барганда Текебаев ичимдиктен бир аз эле ооз тийди" деп эки ача сүйлөп жатат.
2010-жылдын 21-декабрында "Текебаев менен анын иш бөлмөсүнөн жолуккам" дейт. Бирок бул күнү Текебаев жумуш ордунда болбогондугун анын ошол маалдагы кесиптештери тастыктап берди. Ал эми күбө Алексей Модин тергөөчүлөр тарткан видеодогу көрсөтмөсүндө "акча алып киргем" деген кабинетте, ошол маалдары Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев отурганы тастыкталды.
Ошондой эле Маевский "Акча тууралуу Текебаевден жаздырып алган тил катты жашаган батиримди суу каптап жоготуп алгам" дейт. Бирок анын батирин суу каптагандыгы боюнча расмий кызматтардан аныктамалар жок. Ал эми "ВТБ-24" банкындагы өздүк эсебинен акчаларды кантип алып чыккандыгы да белгисиз. Иш боюнча айыпталуучу Текебаевдин күнөөсү далилденбегендигине байланыштуу аны сот залынан боштондукка чыгарууну өтүнөм", - деди жактоочу Афиджанов.
Андан соң жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн улады. Бирок түшкү тыныгуу болуп калгандыктан, ал жарыш сөзүн саат 14:00дө улайт.