Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Азыр "Нур Телеком" компаниясынын юристи болуп иштеген Руслан Оңолбеков көрсөтмө берүүдө.
Анын жүрүшүндө Текебаев: "Сиз Алексей Модин "Мегакомго" жетекчи болуу үчүн Текебаевге 500 миң евро берген деп көрсөтмө бериптирсиз. Берген көрсөтмөңүздү далилдей аласызбы?" - деп сурады. Оңолбеков "Билбейм, мен Талант Маматкеримовдон угуп эле жазгам" деп жооп берди.
Мындан тышкары Текебаев: "29-мартта көрсөтмөңүздө Маматкеримов менен Текебаев Москвага учуп кетти деп көрсөтмө бердиңиз. Бирок менин Москвага баргандагы максатымды сиз билесизби?" - деген суроо берди. Күбө "мен Маматкеримовдун айтуусу боюнча жазгам, мен кандай максатта барганыңызды билбейм" деп билдирди.
Андан соң мамлекеттик айыптоочу күбө Оңолбековго кайрылып: "Көрсөтмөңүздө Маматкеримов 500 миң евро берген дептирсиз. Кимге бергенин билесизби?" - деп сурады. Оңолбеков бул акча кимге берилгенин билбестигин айтты.