Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот отурумунда күбөлөр көрсөтмө берип жатышат. Көрсөтмө берүү үчүн 18 адам чакырылган. Алардын бири Сүйүнбек Канатбеков 13-майда Өмүрбек Текебаев менен өкмөт үйүндө жолугушканын, ал кайсы убакытта кайда болгонун айтып берди.
"13-майда шаарда болгом. Күндүзгү саат 11:30 чамаларында Текебаевдин Калысбек Боронбаев деген жардамчысы мага чалып "Өмүрбек Текебаев сиздерди келсин деп жатат" деди. 14:00 чамаларында 5-6 адам чогулуп бул кишиге киргенбиз. Бизди күтүп турган экен, дароо бизге "түштүктө коомдук абал курчуп жатат" деп айтып жатканда эле кабыл алуусунан телефон чалып, "Роза Отунбаева чакырып жатат" деп айтышты. Текебаев "азыр келем, Отунбаева чакырып жатат" деп чыгып кетти. Бирок 3 сааттай жок болуп кетип "Отунбаева чукул жыйын өткөрүп, ошол жерде болдум" деп келди. Бизге "эртең чогулгула, Жалал-Абад облустук администрациясын Бакиевдин адамдары басып алыптыр. Асылбек Текебаевге жардам бергиле, мамлекетке кайтарышыбыз керек" деди. Эртеси 70-80дей адам өкмөт үйүнө чогулдук. Текебаев 9да келип биз менен жолугушту. Ал жерде 12ге чейин болуп, андан кийин тарап кеткенбиз", - деди Канатбеков.
Ал эми Дүйшөнкул Чотоновду 13-майда өкмөт үйүнөн көргөн эместигин билдирди.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.