Сотко күбө катары келген Өмүрбек Абдрахманов: "Текебаевдин кабинетине кирсем чоочун адамдар келип ага "берген убадаңды аткар да" деп кыйкырып жатыптыр"

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Азыр экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов көрсөтмө берип жатат.

Мамлекеттик айыптоочу Абдырахмановду "Альфа Телеком" боюнча айтып берүүсүн сурады.

Ө.Абдырахманов: "Мегаком" тууралуу сүйлөшүүгө Москвадан кишилер келгенин билем. Кайсы ай экени эсимде жок январь же февраль болсо керек. Ак Үйдүн 7-кабатында Өмүрбек Текебаевдин бөлмөсүндө чоочун кишилер отуруптур. Алардын бирөө Текебаевге карап "убада бергенден кийин неге аткарбайсыңар" деп катуу сүйлөп жатыптыр. Текебаев сөөмөйүн өйдө көтөрүп "бул жайда тыңшоочу аппараттар бар, акырын" деп тыйып койду.

Ошондо Текебаев мага катуу кыйкырып "сен партиянын финансылык ишине аралашпа" деп орой сүйлөдү. Мен ага партия сенин аялыңбы деп жооп бердим. Ошентип биз чырдашып кеттик. Кийин ал мени сотко берип утуп алды".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patriot7
2017-06-28 16:52:37
Омурбек Абдырахманов дегенге таптакыр ишенбеймин. Каратып туруп калпты чындай кылып ышкыртма адаты бар киши эле...
+3
basyz-kaman
2017-06-28 17:22:34
Бардык күбөлөр Текебаевдин акча алганын так далилдеп бере алышпады, Абдрахмановдун көрсөтмөсү айылдагы ушак айткан аялдардын сөзүндөй эле болуп калыптыр ушул нерсе сотто кантип далил болсун эми...
+10
omurbek1990
2017-06-28 18:04:06
Моменттен пайдаланып аткан экен Омуке.
+2
kayratbek81
2017-06-29 01:27:46
Ак ийилет бирок сынбайт!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан