"Мегакомдун" учурдагы башчысы Азат Базаркулов Текебаев жана Чотонов менен "Мегаком" боюнча жолугушууларга барганын айтты

Соттук отурумда "Мегакомдун" учурдагы башкы директору Азат Базаркуловдун көрсөтмө берүүсү уланууда. Ал 2010-жылы "Мегакомдун" айланасындагы маселелер боюнча Текебаев, Чотонов жана Байболов менен жолугушканын айтты.

"Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги кафеден жолугушуп сүйлөшкөнбүз. Азыр ал кафенин аты "Обама" деп аталат. Мурунку аты эсимде жок. Андан кийин дагы жолугушканбыз", - деди Базаркулов. Ошондой эле ал Текебаевге Леонид Маевскийден акча берилгенин Талант Маматкеримовдон укканын кошумчалады. "Мен кызматтан 2011-жылы февралда арыз жазып кеткем. Кийин жай айларында Өмүрбек Текебаевге Маевский тараптан 1 миллион доллар берилгенин интернеттен окудум. Мен бул тууралуу Талант Маматкеримовдон сурасам ал "ушундай болгон" деп жооп берген", - деди ал.

Текебаев Азат Базаркуловго көрсөтмөсү боюнча суроо берип баштады. Ал Базаркуловго: "Сенин көрсөтмөлөрүң эки башка чыгып жатат, жалган айтып жатасың. Сен Модиндин "Мегакомго" ишке орношуусу үчүн анын резюмеси июнь айында берилген деп жатасың. Ал июнь айында Кыргыз мамлекетинде болгон эмес", - деди.
Ошондой эле Текебаев Базаркуловго "Альфанын" 49 пайызын декреттештирүү (мыйзамдаштыруу) эмне экенин билесиң да?" - деп суроо салды. Ал "эсимде жок, кагаздарды берсеңиз карап айтайын" деп жооп берди.
Прокурорлор Азат Базаркуловду коргоп жатасыңар деп, Текебаев аларга "силер кимсиңер?!" деп кыйкырды. Мындан соң Текебаевдин жактоочулары мамлекеттик айыптоочулардын алмашуусун талап кылып чыгышты. "Буга чейинки эки прокурор менен иштешкен учурда бизде эч кандай маселе жаралган эмес, булар мамлекеттик айыптоочуларга тийиштүү нормаларды бузуп жатышат" дешти жактоочулар.

Жыйынтыгында сот тыныгуу жарыялады. Учурда кеңешүү үчүн сот залдан чыгып кетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан