Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Өкүм окулуп жатканда залда Текебаев да, Чотонов да болгон жок. Ал эми алардын жактоочулары өкүм окулуп баштаганда сыртка чыгып кетишкен.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.