Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевский сотто көрсөтмө берүүдө.
Текебаев менен Бишкектен жолуккандан кийинки жагдайды айтып берүүдө. "Чотонов менен акча тууралуу сүйлөшкөнбүз. Кийин мен Москвага кеттим. Бишкекке бир, эки күн гана түнөп калчумун. Мен Москвага кайтып барып чечим кабыл алдым. "Мегакомдун" жетекчилик кызматын алмакчы болгонбуз, ал кызматка мен Модинди коймокчу болгом. Себеби ал Кыргыз мамлекетин жакшы билчү, ага ишенчүмүн. Чотонов мага чалып шаштыра берди. 300 миӊ долларды Модин Текебаев менен Чотоновго берген. Текебаев менен Чотонов акчаны алганын мага ырасташкан. Кийин Текебаев Москвага барган. Мен Текебаев менен кеӊсемде жолугушуп жалгыз сүйлөшкөнбүз. Сентябрдын аягына чейин, башкача айтканда, эки жуманын ичинде компанияда үлүшкө ээ болууну пландаганбыз. Текебаев 700 миң долларды бербесең жумушту бүтүрбөйм деп туруп алган. Акчаны берип жибергем. Кийин Текебаевге чалсам акчаны алдык, баары жайында деп айткан", - деди Маевский.
"Текебаев убаданы аткарам деп көпкө создуктурду. Мен чалган учурда "бизде азыр саясий күрөш жүрүп жатат, күтө тур биз бир жыл эмес көп жыл иштешебиз" деп туруп алды. Макул болгом. Кийин Бишкекке учуп келип жолугуштук. Телефондорду коңшу бөлмөгө таштап, катуу сүйлөштүк. Убаданы аткарышы керек эле, аткарбай коюшкан", - деп кошумчалады арыздануучу.