Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда.
Бүгүнкү соттук отурум жабык эшик артында өттү. Залда Текебаев жана Чотонов болгон жок. Ошондой эле алардын тарапташтары менен журналисттер да киргизилген жок. Конвойлор сот залга эч кимди киргизбөөнү буйруганын айтышты.
Жактоочу Чынара Жакупбекованын айтымында, жарыш сөз айыпталуучулардын катышуусу жок окулуп бүттү. "Залда соттук жамаат, прокурорлор жана мамлекеттик жактоочу Элвира Чоноева гана отуруп жарыш сөздү аягына чыгарышты. Текебаевдин атынан мамлекеттик айыптоочу жарыш сөзгө чыккан соң сот "жарыш сөз аягына чыкты" деген чечимди кабыл алды", - деди Жакупбекова. Учурда жарым саатка тыныгуу жарыяланганын кошумчалады.
Жакупбекованын ою боюнча, бүгүн Текебаев менен Чотоновго карата соттук өкүм чыгышы мүмкүн.
Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.