Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев Маевскийдин эмнеге көрсөтмөсүн өзгөртүп жатканына кызыкты.
"Сиз баарын кечээ болгондой айтып жатасыз. Сиздин көрсөтмөңүздө 6 жолу 2010-жылдын 13-майында Абдрахманов менен менин бөлмөмдө жолукканбыз деп жатасыз. Бул тууралуу Модин да 6 жолу сиздин сөзүңүздү кайталаган. Бирок 2010-жылы Абдрахманов АКШда жашаганын айткандан кийин силер көрсөтмөңөрдү өзгөрттүңөр. Ошондой эле 2010-жылы июль айында Текебаев менен келип эки жумадан кийин 300 миң доллар алып келдим деп сиз 4 жолу айткансыз. Ал учурда мен Москвага эмес Европага баргам", - деди Текебаев.
Ал эми Маевский бул суроолорго 7 жыл мурдагыны күндүн ысык-суугуна карап гана мезгилдерди эстеп жатканын айтты.
"Сиз менен жолукканда жылуу болчу. Сиздин кандай кийинип келгеңизди да эстей алам", - деди Маевский.
Ошондой эле Текебаев "Модинге 500 миң еврону качан жана кандай максатта бердиңиз эле?" деп сурады. Маевский болсо 2012-жылы Модинге компаниянын атынан мыйзам чегинде бергенин айтты. Ал эми Текебаев Модин ал акчаны 2011-жылы алганын билдирди.