Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Өмүрбек Текебаев сотто жарыш сөзүн сүйлөп жатып Леонид Маевский менен эки ирет жолукканын жана анын себептерин айтты.
“Маевский менен 2 ирет 24-августта Бишкектен,1-сентябрда Москвадан жолуккам. Мен 2010-жылы шайлоого жакын Түркияда бир катар аткаминерлер менен жолугуп келдим. Биздин атаандаштар “Ата Мекен” партиясы европалык көз караштагы партия, Европадан Конституцияны көчүрүп алган" деген маалыматтарды таратып турду. Анткени Турция АКШ менен тыгыз байланышта болгондуктан менин ал жактагы сапарымды байланыштырып турушту. Ошондуктан Орусиянын саясатчылары менен жолугушуу уюштуруу жолун издеп баштадык. Ошол учурда 24-августта Дүйшөнкул Чотонов мага чалып: “Кара-кулжалык инимдин бир таанышы бар экен. Ал өзү Орусиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты экен, миллионер экен” деп калды. Мен макулдук берип түштөнүү учурунда “Супарадан” жолуктук. Менин тегерегимде бир канча адамдар бар болчу. Ал жерде Модин болгон жок. Биз Москвага барганда ал жерде саясий колдоо көрсөтө турган адамдарды уюштуруу, маалыматтык колдоо боюнча макулдаштык. Ал жерде акча жөнүндө сөз болгон жок", - деди Текебаев.
"1-сентябрда менин жан сакчым менен учтук. Ал жерде элчиликтен да адамдар болду. Бирок Маевский биз күткөн орусиялык саясатчылары менен жолугушууну уюштура алган жок. Биз 40 мүнөттөй 10догон адамдардын катышуусунда болдук. Ал бул үчүн кечирим сурады. Дагы жолугушууларды уюштурууга аракет кыларын айтты. Биз макул дедик, анткени бүгүн да биз орусиялык саясатчылар менен байланыш түзүүгө кызыкдарбыз. Биз Мамлекеттик думанын депутаты Миронов менен жолугушууну пландаганбыз. Бирок ал иш сапары менен башка жакка кетиптир. Ошентип маанай түшүп биз ошол күнү кайра кайтканбыз”, - деди Текебаев.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.