Текебаев: "Мен өзүм каалаган учурда да 2010-жылы 13-майда Маевскийге 10 мүнөт убакыт таба алмак эмесмин"

Бүгүн, 11-августта Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Өмүрбек Текебаев сотто жарыш сөзүн улантып жатат.

“2010-жылы 13-майда мен Леонид Маевский менен жолуккан эмесмин. Тергөө 24-июлда да Текебаев Маевский менен жолуккан деп жазып коюп жатат. Ал эми Маевский 2010-жылы 5 жолу Кыргыз жерине келгенин, бирок анын ичинде июль айында эмес, май, август, декабрь айларында келгенин эле айткан. Мен өзүм каалаган учурда да 2010-жылы 13-май күнү Маевскийге 10 мүнөт убакыт таба алмак эмесмин. 21-декабрда да мен Маевскийге жолугушум мүмкүн эмес болчу. Ал күнү мен кайда, кимдер менен жолугуп, кандай иштер менен алек болгонум ондогон күбөлөр, документтер менен тастыкталат. Бирок, урматтуу сот, сиз ал күбөлөрдү суроодон баш тарттыңыз”, - деди Текебаев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dastan.10
2017-08-11 11:30:59
акталбаса катастрофа болушу мумкун. . .
+1
toktor89
2017-08-11 11:42:34
Да уже мен да чарчадым мычкыла берип
+1
Revolyutsiya2
2017-08-11 11:48:11
Саясий буюртма, Атамбаевден шоу!!!
0
ZHYRGAl1412
2017-08-11 13:23:53
Кой теке алдаба акча дегенде 10мин эмес 1сааат убакыт табасынго дейм
0
jbolotov
2017-08-11 14:36:27
Супарада отурсан, Москвага канча жолу барсан анан озу келген Маевскийге Модинге убакыт табаалбай калганын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан