Абакта отурган депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов бүгүнкү сотунда Алексей Модин менен телефон аркылуу таптакыр байланышпаганын айтышты.
"Биринчи жана экинчи томдо Модин менен биздин телефондук байланышта болгонубуз боюнча жагдайлар бар экен. Урматтуу сот, Модин О! мобилдик операторунун кардары болгон экен. Анын телефонунан мага да, Чотоновго да эч кандай чалуу болгон эмес. Чалган болсо ар бир секундасына чейин жазылып калмак. Жок дегенде СМС келген болсо да биз унчукпай отуруп бермекпиз", - деди Текебаев.
Чотонов да Модин менен бир да жолу телефондо байланышпаганын белгиледи. Соттук коллегия иш материалдардын 2-томун окуп бүтүп 3-томго өттү.
Эскерте кетсек, орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча Текебаев 1 миллион доллар пара алган, Чотонов аны өткөрүп берген деп айыпталууда.
16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.