Текебаевдин иши боюнча жактоочунун сотко жана прокурорго ишеним көргөзбөө өтүнүчү канааттандырылган жок

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө Чотоновдун жактоочусу судьяга жана мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көргөзгөн.

Мен судьяга жана мамлекеттик айыптоочу Ботобаевге ишенбөөчүлүк көргөзөм. Биз, баарыбыз бул жерде күбө болуп отурдук. Сизге Ботобаев телефонун көргөзүп, көзүн кысты эле сиз кеңешме бөлүмүнө чыгып кеттиңиз. Артыңыздан прокурор чыгып кетти”, - деди Хасанов.

Ал эми айыпталуучу Өмүрбек Текебаев жактоочу Хасановдун өтүнүчүн колдоп, буларга токтолду.

"Биз эле эмес эл да көрүп турду. Сотту Ботобаев жүгөндөп алганбы? Ботобаевдин сотту жетелеп жүргөнү, бизге ишенбөөчүлүк жаратып жатат".

Бирок судья прокурорго жана сотко ишеним көргөзбөө өтүнүчүн канааттандырган жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
didu
2017-07-05 17:55:16
байкуш соттор оз эрки озундо эместа, аларды пульт менен башкарып турушатта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан