Текебаевдин сотунда Маевский менен Абдырахмановдун беттешкен видеосу көрсөтүлдү

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши улантылууда. Анда орусиялык ишкер Леонид Маевский менен экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун беттештирүү маалында тартылган видеосу көрсөтүлдү. Видеону УКМКнын кызматкерлери 2017-жылдын 26-февралында тартканы айтылды.

Тасмада УКМКнын тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүндө орус улутундагы 3 адам отурганын жана 2 күбө кошо катышканы көрүнөт. Кийинчерээк бөлмөгө Абдырахманов кирип келгенде, тергөөчү ага кайрылып: "Сиз ушул 3 кишинин ичинен Текебаевдин иш бөлмөсүнөн көргөм деген адамды тааныйсызбы?" - деп сурады. Ал 3 кишинин ортосунда отурган Маевскийди көрсөтүп: "Ооба, мен тааныйм, ортодо отурган киши болчу", - деп жооп берди.

Видео жыйынтыкталганда соттолуучулардын жактоочулары сот Айбек Эрнис уулуна кайрылып: "Беттештирүү видеосунда мыйзамдар бузулган. Себеби Маевскийдин видеокайрылуусун 2017-жылдын 25-февралында мамлекеттик телеканалдардан кайра-кайра көрсөтүшкөн. Ал экөөнү беттештирүү эртеси 26-февралда болгон. Демек, Маевскийди Абдырахманов гана эмес, теледен көргөн ар бир эле адам таанып көрсөтүп бере алмак. Себеби ошол күндөрү ал бүтүндөй өлкөгө таанымал болуп калган эле. Беттештирүү тасмасын жокко чыгарыңыз", - деп айтышты.

Сот "жумуш убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу отурумду эртең улантабыз, өтүнүч боюнча эртең жооп берем" деп жараянды жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, саясатчылардын сотунда бүгүн 8 томдук материалдар окулуп бүттү. Алдыда күбө Модиндин видеосунан кийин айыпталуучу тараптын жарыш сөзгө чыгары күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-01 18:40:03
Абдрахмановго ишенген адам ара жолдо арам өлөт. Бул аксакал жакында карасакал #1 болот)
+19
kenjebek_a
2017-08-01 18:40:58
Соттордун бетинин терисинен ботинка эмес ХОВО деген 30 тонналык машинеге донголок жасаган киши кыргызстанда номер экинчи мултимилионер болгудай.УЯТ УЯТ.
+19
Snejana
2017-08-01 18:57:03
Кудайдан корккула! Бир таанышым айтты эле "мурда сотто иштечуумун, кийин жумуштан оз каалоом менен кеттим. Ушунчалык грязный жумуш, менин адамдык абийирим жол берген жок, дальше иштеп кетууго. Элестет акча алып, куноосуз кишинин мойнуна кыйнап алдырып атканынды"-деп. Бул соттордун журогу жоголуп кеткен го. Кудайдан корккула! Жашоого бир келген сон, жан дуйнонор тынч болсо, озунорго жакшы да.
+15
Komrad
2017-08-01 19:02:02
Жаш режиссерло осуп атат, бирок жаштык кылып атат да баарыбир
+9
fora
2017-08-01 19:32:46
Ушул Абдырахманов деген уялбайт экенда жалган корсотмо бергени озун кыйнабайт бекен совет болуш керекда
+6
almanbetperm
2017-08-01 20:07:01
Иш убактысы бутту деп шылтоолобой,шеф менен кенешели десенер болмок
+17
Anucha
2017-08-01 22:08:17
almanbetperm,отпускадан кийинби
0
wwwbaxa
2017-08-01 21:27:57
Сотко да кыйын,бечара 1 2жылга карый түшсө керек сот бүткүчө
+1
SansaNePredaiJohna
2017-08-01 22:43:35
эй сасык соттор . оштун аеропортунда иштегендерди да тергеп койгула. акча берсенда нормально отпойсун.
эч баргым келбей калды ошко. баары акча, акча.
+3
Uranbekov97
2017-08-01 22:58:42
Сотторго наалат
+2
Leili
2017-08-01 22:59:51
Текебаев акталып чыксын талапкердигин койдубу
+5
tilek121277
2017-08-01 23:55:11
Эртен дагы эмнени ойлоп табышат экен эми маймылдан айрымасы болбой калды соттордун далилдери жок болуп турса да Жапаровту Текебаевти кармап отурушат же ашанын уруксаты жок койбере албай жатышабы
+5
Best.bakyt
2017-08-02 06:49:24
Абдрахманов аксакал жашын деле ойдолоп калыптыр,куучундап калпычы болуп, корунгон жерге мурдунду тыкпай неберелеринди эркелетип нарк насилдуу кары болуп торундо отурсанчы. Чындаса убагында сен деле Текебаевтин аркасы менен таанылып депутат болуп келгенсин туурабы? Кудай деп жашасанчы озунду озун шерменде кылбай.
+2
bakulya2015
2017-08-02 13:12:18
Бул кундорда отот. Сабыр кылалы. Окунучтуу бул дуйно кайтар дуйно. Соттогулардын оз жакындарына кайтышыда мумкун акча эмнелер гана кылат,конул бир тыйын болуп калды. А мыйзам эсе иштебейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан