Текебаев менен Чотоновдун соту 21-сентябрда уланат. Отурумду жылдырууга соттун сасык тумоо оорусу жактоочуга жугуп калганы себеп болду

Бишкек шаардык сотто Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча иш материалдардын 5-тому тергелүүдө.

Аталган томдо "Текебаевге бир миллион доллар бердим" деген орусиялык ишкер Маевскийдин тергөөдө берген көрсөтмөсү камтылган. Бирок Текебаев Маевский көрсөтмөсү 2017-жылдын март айында башка өңүттө берсе, кийин сотто башкача көрсөтмө бергенин айтып, "Маевский жанын жеген адам. Көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбейт" деп билдирди.

Ал ортодо соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев сасык тумоо болуп ооруп жаткандыктан Текебаевдин жактоочусу ишти бир жумага жылдырып турууну өтүндү.

"Ишти кароону бир жумага жылдырып турбайсызбы. Сиздин сасык тумооңуз мага жугуп калды, мен бала эмизем. Уланта берсеңиз баарыбызды сасык тумоо кыласыз", - деген өтүнүчүн келтирди жактоочу. Анын өтүнүчүнөн кийин сот Момуналиев ишти 21-сентябрда улантуу чечимин кабыл алды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ALATOOLUK.JIGIT
2017-09-19 20:38:29
Ушул да шылтообу эми. Шайлоо бутсо бир аз убакыт откоруп чыгарат,максаты ошол да.
+1
almanbetperm
2017-09-19 20:43:55
Ошол сасык тумоо сотторго жугуп чумо болсонор эле
+3
marselkalmurzaevkg
2017-09-19 20:51:02
almanbetperm,соттордон жактоочуларга жугуп атпайбы кайра
+1
Mirgul.1
2017-09-19 21:12:27
))))
+1
Altysha89
2017-09-19 21:21:50
Анекдот ха хаха
+1
Azatbek83
2017-09-20 00:47:46
Эмнеге жок дегенде 2011 2012 же 2013 2014 жылдары ушул ишти карашбаганына тан каласын.Конституцияны озгортконго мородерлорду жетелеп сага корсотом жуктун ээси сен деген учун жок кылалы дедиби?!Жесе орустун акчасын жептирда бюджеттен эмес экенго орустарда жеп салып жатышатко!
+2
Nendi15
2017-09-20 03:59:07
Соттордун бети бет эмей эле ХХХХ болуп кыптыр.
0
admin_superstan
2017-09-20 11:28:14
cico, almanbetperm, Alinur96kg, take.kg86, саламатсыздарбы! Сиздер айтып жаткан кабар эмне себептен алынып салынгандыгы тууралуу бул шилтемеден окуңуздар.
https://www.super.kg/kabar/news/202533/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан