Бүгүн, 12-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда айыпталуучу Өмүрбек Текебаев менен судья Айбек Эрнис уулунун ортосунда кайым айтышуу болду.
Соттун жүрүшүндө айыпталуучу тараптын жактоочусу Текебаевдин ID паспорту зарыл болуп жаткандыгын айтып, кайтарып берүү өтүнүчүн келтирди. Бирок мамлекеттик айыптоочулар каршылыгын билдирип, судья өтүнүчтү четке какты. Эрнис уулунун каршы пикирине нааразы болгон Текебаев ачууланып, экөө кайым айтыша кетти. Соттук жыйындын төрагасы ачууланган Текебаевди тынчтыкка чакырып, тартип сакталбаса аны сот залынан чыгарып саларын эскертти.