Өмүрбек Текебаев сотто "Бекназаров менен Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудио жазуу монтаж болушу мүмкүн экенин айтты

Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Текебаев алгач "Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү" делген аудиожазуу боюнча комментарий берип, ал аудио монтаж болушу мүмкүн экенин айтты.

"Аудиожазууда Бекназаров "Калп айттым, Кудай кечирсин!" деп жатат. Анын сотто калп айтпаганын көрсөтмөсү далилдейт. Ташиевдин мага берген белеги дале ачылбай турат. Унутуп калган болсо, келип алып кетсе да болот", - деди Текебаев.

Азыркы тапта Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүн улантып жатат.

Буга чейин интернетке "Бекназаров менен Ташиевдин жалган көрсөтмөлөрү мародёрлорду кантип жаап-жашырууда?" деген аудио сүйлөшүү тараган. Анда Азимбек Бекназаровдун үнүнө окшош адамдын "Акеңди көрдүң да? Байкуш, кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүм агарткыча калпты айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп урдум да" деп сүйлөгөнү угулат.

Ал эми Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдын "мага кат жазып жибериптир. "Камчы үка, 22синде, билесиң да, менин туулган күнүм болгон. Сенин эсиңдеби, 23үндө келип, мени куттуктап бир вино берген элең" деп. Эсимде жок, аны эч качан куттуктаган эмесмин" дегенин угууга болот.

Текебаев: "Ташиев мага берген белегин алып кетсе болот" (аудио)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
mir777
2017-08-14 11:31:48
монтаж, шантаж. отвечаю!
0
Beka13
2017-08-14 11:42:27
Бизде баарын жасаса болотта кандай тушунбогон немелер текебаевди камай албай естери еки болуп атат буданда жаманын гутсо болот азыркы бийликтен текебаев алга
+8
Beka13
2017-08-14 11:44:12
айла жокда бул бийлике
+3
shergazy9
2017-08-14 12:12:59
Аз калды...)
Аз калды булардын да акыбалын коргонго
Эми крутой поворот болотго...)
СДПКдан эмес башка партиядан президент болуп калса эле таппай каласын буларды
+5
anuvar0903
2017-08-14 12:20:42
Каяктан уксак болот
+1
muslim87
2017-08-14 12:48:52
Текебаевди камаганга бирда далил таба албай акыры ушуну ойлоп табышканго ары жок бийлик. Бул мантажы менен элди ишендириши кыйын анткени эл билип калды ким кандай экенин. Эми ушуну шылтоо кылып далил ушул деп камайт жанагы иленчик таппай аткан Айбек Эрнис уулу деген чабарман
+5
ice87
2017-08-14 13:13:37
Болушу мумкун эмес!
+3
jbolotov
2017-08-14 13:51:57
Иши кылып эл ишенген кичине бийликте отурумуш болгондордун калпы чыкса эле монтаж деген жакшы шылтоо табылды. Азыр технология онуккон убак, кимди кааласан атайын кызмат эмес жонокой жарандарда укса болотурган шарттарды кылып алсан болот, буларда адам болгонсон оюндагысын суйлосо жазылып алдыда.
0
KyrgyzKagan
2017-08-14 14:10:40
Ал аудио мантажбы чынбы билбейм, Бирок Текебаев ак жерден олтурат. Озу Текебаевтин ордуна Бекназаров олтуруш керек эле. Бекназаров сатам деди десе эл дагы ишенмек.
+1
etaj_rus79
2017-08-14 14:19:27
Алардын унун окшотуп койуш оной эледа биздин куудулдар деле ар кимдин унун окшотуп жатышпайбы
+1
ady-88
2017-08-14 16:41:50
Тедсадагы балдардын ишин жасаганына кулкун келет да
+1
ZHYRGAl1412
2017-08-14 16:54:35
Мен уктум записти монтаж эмес чыпчын
+2
Jarookerjan
2017-08-14 19:01:28
ZHYRGAl1412,суйлошуп жатышканда жанында элем деп эле кой биротоло.
0
jbolotov
2017-08-14 23:34:45
Оздорунун эле уну, манера интонация баары эле оздору суйлошкондой. Монтаж деген жакшы шылтоо табылды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан