Бүгүн, 18-июлда Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши улантылды. Бүгүнкү отурумда 2010-жылдары 7-апрелден кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн 3 мүчөсү күбө катары көрсөтмө беришти.
Алардын ичинде "Ак-Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев да көрсөтмө берди.
"Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган маалымда бир да жыйынды калтырбай катышчумун. 12-майда 7-апрелде курман болгондордун 40 күндүгү болуп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү "Ата-Бейитке" маркумдарга куран окууга барганбыз. Түштөн кийин жумуш ордубузга келдик. Ошол маалда өлкөдө абал өтө кооптуу болчу. Себеби бизге УКМК менен ИИМ "бакиевчилер кайрадан бийликти алууга аракет жасашы мүмкүн" деген маалыматтарды айтышкан эле. Эртеси, 13-майда чындыгында Ош менен Жалал-Абадда облустук бийликти басып алышты. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева чукул жыйын өткөрдү. Текебаев ал күнү биз менен чогуу болгон. Ошол маалда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн аткарган жумуштары боюнча айтсам, Алмазбек Атамбаев биринчи орун басар катары экономикалык блокту жана коопсуздук жагын тейлеген. Текебаев Конституциялык реформага жооп берген жана Юстиция министрлигине жооптуу болгон. Азимбек Бекназаров сот менен прокуратураны көзөмөлдөгөн. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү "декреттер" менен гана иштеген. Жалгыз мүчөнүн колунан эч нерсе келчү эмес, кандай маселе болбосун биргеликте кеңешип чечет элек. Бакиев бийликти таштап качканда, тармактарды бөлүштүрүүдө Өмүрбек Чиркешович Конституциялык реформаны өзүнө алган", - деди Сариев.
Текебаевдин жактоочулары "2010-жылдын 13-майында Текебаевдин кайда болгонун билесизби?" деген суроо салышты.
"Ооба, ал күнү кырдаал оор болчу. Түштүктөгү облустук бийликтерин эл басып алып, ошол маселе боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жыйынга чогулганбыз. Арабызда Текебаев да бар болчу. Эртең менен башталган жыйын кечке жуук аяктаган", - деп жооп берди Сариев.
Андан соң көрсөтмө берүүгө Убактылуу өкмөттүн социалдык маселелер боюнча ошол кездеги орун басары Эльмира Ибраимова келди. Ал "2010-жылдары экономикалык иштерге Алмазбек Атамбаев жооптуу болчу. "Альфа-Телекомго" байланышкан суроолорго да ошол адам жооптуу эле. Текебаев ал маалда Конституциялык реформага жооптуу болчу", - деди.
Соттук отурумда Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да көрсөтмө берди. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Дүйшөбаевге "сиз ошол жылдары УКМКны жетектеп турдуңуз, башкы чекист катары сизге ар кандай жашыруун маалыматтар белгилүү болгон. Текебаевди "Альфа-Телекомдун" ишине аралашканын уктуңуз беле?" деп сурады.
Дүйшөбаев "мен УКМКны башкарып турган убагымда Текебаевдин же башка бирөөлөрдүн "Мегакомго" байланыштуу акча алганын же алардын ишине кийлигишти деген маалыматтарды уккан эмесмин. Эгерде уксам Убактылуу өкмөттүн төрайымы Отунбаевага же Атамбаевге сөзсүз маалымдамакмын" деген жооп кайтарды.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева да көрсөтмө берди. Ал 2010-жылдын 21-декабрында Текебаевди иш бөлмөсүнөн таппаганын айтты.
Эскерте кетсек, Текебаевге карата жазылган арызында Леонид Маевский 21-декабрда Өмүрбек Текебаев менен анын иш бөлмөсүндө жолуккандыгын белгилеген.