Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурумга айыпталуучулардын жакын туугандары жана журналисттер гана киргизилди. Ал эми Текебаевдин юристтери жана тарапташтары сот залына киргизилген жок.
Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу күбөлөрдү суроону токтотуп, ишти иликтөөгө өтүү боюнча өтүнүч келтирди.
Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев прокурордун өтүнүчү "жоопкерчиликсиз өтүнүч" экенин айтты.
"Мен муну жоопкерчиликсиз, "наглый" өтүнүч деп айтам. Биздин күбөлөр силердин айыбыңар жалган экенин далилдеш үчүн айтып жатат. Бирдей көрсөтмө берип жаткан жок. Ар бир күбө өзүнчө кырдаалды айтып жатат. Бирөө шопур, бирөө УКМКнын башчысы болсо, дагы бири аппарат башчысы. Ошол күнү, кийинки күндөрдөгү окуялар баары айтылган соң картина так болот. Мен ошол үчүн бул өтүнүчтү четке кагууну сурайм", - деди Текебаев.