Өмүрбек Текебаевдин дагы бир жактоочусу Канат Хасанов ооруканага түштү

Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланмак. Бирок жактоочулар отурумга келген жок. Айыпталуучу Текебаев менен Чотонов соттон жактоочулардын келишин күтүүнү сурады. Ал эми прокурорлор ишти токтотпостон мамлекеттик жактоочуларды киргизип, ишти кароону улантууну өтүндү.

Соттук отурумдун котормочусу жактоочу Канат Хасановдун ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматтарды укканын айткандан кийин тараптарга сөз берилди. Сот жактоочулардын отурумга келишин күтүү үчүн жарым саатка тыныгуу жарыялады.

Жактоочу Хасановдун ооруканага түшкөнү туурасында маалыматты “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова да тастыктады.

Кечээ абдан оор соттук процесс болгон. Соттон чыккандан кийин ал жүрөк оорусу козголуп, "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилген”, - деди Токтакунова.

Буга чейин Текебаевдин дагы бир жактоочусу Чынара Жакупбекова да ден соолугу начарлап "Тез жардам" унаасы менен ооруканага түшкөн. Учурда ал дарылануусун үйүндө улантууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ZHYRGAl1412
2017-07-26 14:26:12
Ьулар жактоочулардын афторитенин жаман которуштуго типа жактоочу болбосо сот да отпойт деп
0
isabek1977
2017-07-26 18:57:54
Эптеп соттук отурумду созуштун аракети.
0
kubatbek.k
2017-07-26 20:56:04
ZHYRCAI1412 advokat jokbolso sotbolboita
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан